Кытайда чийки мунай өндүрүү өсүп баратат

Кытайдын чийки мунай өндүрүүсү жылдын алгачкы 9 айында 2,5 пайыз өстү.

357131
Кытайда чийки мунай өндүрүү өсүп баратат

Азия өлкөсү Кытайдын чийки мунай зат өндүрүүсү жылдын алгачкы 9 айында 2,5 пайыз өстү. "Синхуа" маалымат агенттигинин кабарына караганда өлкөнүн эң чоң экономика пландоо органы Улуттук өнүгүү жана реформа комиссиясы (NDRC), Кытайдын чийки мунай өндүрүүсүнүн жылдын алгачкы үч айында, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайыз өсүү көрсөтүп 160 миллион тоннага жеткенин жарыялады.

Анда NDRC көрсөткүчтөрүнө караганда Кытайдын жылдын алдыңкы 9 айында 355 миллион тонна чийки мунай тазалаганы, өткөн жылга салыштырмалуу мунай тазалоодо 3,2 пайыз өсүү көрүнгөнү белгиленди.

Ошол эле мезгилде тазаланган мунай товарларынын өткөн жылга салыштырмалуу 4,7 пайыз өсүү менен 224 миллион тоннага жеткени белгиленди.

Адистер Кытайдын ушул убакта 60 пайыз деңгээлинде болгон мунай зат импорттоосунун 2030-жылда 70,6 пайызга жете турганын божомолдошууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар