КМШ мамлекеттеринин саммити Астанада...

КМШ мамлекет башчылары саммиттин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюшту.

393353
КМШ мамлекеттеринин саммити Астанада...

КМШ мамлекет башчылары бүгүн Казакстандын Акмоло облусунун Бурабай кыштагында өткөн КМШга мүчө-мамлекет башчылар кеңешинин жыйынынын cоңунда бир катар документтерге кол коюшту.
КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедевдин айтымында, алардын арасында БУУнун түзүлгөнүнүн 70 жылдыгына байланыштуу жана эл аралык террорчуларга каршы күрөшүү тууралуу мамлекет башчыларынын билдирүүлөрү бар. КМШ өлкөлөрү Чернобылдагы кырсыктын 30 жылдыгына байланыштуу кайрылуу кабыл алышты. 2016-2020-жылдарга карата тышкы чек араларда чек ара коопсуздугун бекемдөөдө кызматташтык программасын, 2020-жылга чейин аскер кызматташтык концепциясын, Шериктеш өлкөлөрдүн аймагында бирдиктүү ыкчам-иликтөө тобун түзүү жана анын иши, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана анын кесепетин жоюу жана башка жаатта кызматташтык тууралуу келишимди бекитишти.
“Саммит жемиштүү өттү. КМШ мамлекет башчылары белгилегендей, БУУнун коопсуздук кеңеши учурдун талабына жооп берүүсү үчүн мындан дагы натыйжалуу болушу керек. Ошондой эле, КМШ мамлекет башчылары эл аралык террорчулукка каршы күрөштө БУУнун түзүмү менен өз ара аракеттерге даярдыгын билдиришти”,-деди С.Лебедев.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар