Глобалдык өсүү таш баканын жүрүшүндөй эле...

Йылмаз өсүүнүн өлкө жана аймактар арасындагы бөлүшүлүшүнүн тең салмаксыздыгынын уланганын белгиледи.

391044
Глобалдык өсүү таш баканын жүрүшүндөй эле...

Вице-премьер Жевдет Йылмаз Эл аралык акча фонду IMF гувернёрлору үчүн өткөрүлгөн салттык үй-бүлө фотосүрөткө түшүүлөргө катышты.
IMF-Дүйнөлүк банк жылдык жыйналыштары жана Чоң жыйырмалыктын (G20) жолугушууларынын алкагында Перунун борбор калаасы Лимага барган Йылмаз: «IMF гувернёрлору менен үй-бүлө фотосүрөтүнө» түштү.
Вице-премьер Жевдет Йылмаз айрыкча ушул эле күнү маалымат жыйын өткөрүп, Чоң жыйырмалыктын мурдагы кечтеги иш-тамагында чыгарылган токтомдорго токтолду.
Мүчө өлкөлөрдүн эл аралык салыктандыруу системасынын заманбапташтырылышын көздөгөн «Эсеп базасын ээритүү жана киреше оодаруу кыймыл планын» бир добуштан кабыл алгандарын жарыялаган Йылмаз, андан соң Эл аралык акча жана финансы комитетинин 32-жыйналышына катышты.
Йылмаз бул жерде Түркия, Австрия, Беларусь, Чех Республикасы, Венгрия, Косово, Слвакия жана Словения түзгөн өлкөлөр тобун өкүлдүк кылып сүйлөгөн сөзүндө глобалдык өсүүнүн акырын баратканын, өсүүнүн өлкө жана аймактар арасындагы бөлүшүлүшүнүн болсо тең салмаксыздыгынын уланганын белгиледи.
Лимадагы жолугушууларын уланткан Йылмаз, финансы дүйнөсүнүн алдыңкы өкүлдөрү менен да бир катар жолугушууларды өткөрүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар