Авиажүргүнчү саны

Август айына таандык көрсөткүчтөр жарыяланды.

343410
Авиажүргүнчү саны

Түркияда авиажүргүнчү саны август айында 21 жарым миллион, жылдын 8 айында болсо 122 миллион болду.
Мамлекеттик аба каттамдарын иштетүү боюнча башкы директорлугу август айына таандык көрсөткүчтөрдү жарыялады.
Түркиядагы аэропорттордон август айында 21 миллион 577 миң 768 жүргүнчү өттү.
Жылдын башынан бери жүргүнчү саны болсо 122 миллион 62 миң 428 болду.
Август айында аэпорттордо тейлөө көрсөткөн учак саны 157 миң 765ке жетти.
Бир тараптан Ататүрк аэропорту жана Сабиха Гөкчен аэропортторундагы жүргүнчү саны орто эсеп менен 19 пайыз өстү.
Ал эми август айында 2 миллион 39 миң 130 тонна жүк ташылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар