Глобалдык экономика күтүлгөндөй өспөйт

К.Лагард глобалдык экономикада өсүүнүн күтүүлөрдүн астында боло турганын жарыялады.

341979
Глобалдык экономика күтүлгөндөй өспөйт

Эл аралык Валюта Фондунун (IMF) төрайымы Кристин Лагард глобалдык экономикада өсүүнүн күтүүлөрдүн астында боло турганын жарыялады.
Лагард Индонезияга жасаган эки күндүк сапары убагында медиага маалымат берди.
IMF төрайымы быйыл глобалдык экономикалык өсүүнүн июль айында жасалган 3,3 пайыздык божомолдун астында болоорун күткөндөрүн айтты.
Лагард Кытайдагы солгундоо, тыгыздашкан глобалдык финансылык шарттар жана Америка Кошмо Штаттарындагы пайыздын өсүү ыктымалы сыяктуу абалдарга көңүл буруп, Индонезия сыяктуу айрым өнүккөн экономикаларды «этият» болууга чакырды.
Лагард Кытай экономикасынын жаңы өсүү моделине шайкеш келе албай солгундаганын, бирок мунун чукул же күтүлбөгөн нерсе болбогонун да белгилеп өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар