Рейши козу карыны Түркияда өндүрүлө баштады

Рейши козу карыны мекени Кытайда 2 миң жылдан бери ар түрдүү ооруларга каршы колдонулуп келет.

368782
Рейши козу карыны Түркияда өндүрүлө баштады

Ырааккы Чыгыш медицинасында колдонулган рейши козу карыны, эми Яловада өндүрүлүүдө.
Яловалык козу карын өндүрүүчүсү Четин Кар, өз аракети менен рейши өндүрө баштады. 26 жылдан бери козу карын жана козу карын үрөнүн өндүргөн Кар, 1200 чарчы метрдик аянтты буга бөлдү. 10 миң графинде күнүгө 20 кг рейши өндүрүүдө.
Рейши козу карыны мекени Кытайда 2 миң жылдан бери ар түрдүү ооруларга каршы колдонулууда. Чайдай демделип ичилгенде денени чың кармаган козу карын, бүткүл дүйнөдө өлүмсүздүк козу карыны катары билинет. Рейши козу карынынын чайын демдеш үчүн фарфор же айнек ак чайнек сунушталууда. Органик балдан тышкары даам кошуучу сунушталбайт. Демделгенден кийин 2 сааттын ичинде ичилиши керек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар