Түрк алтыны ирандыктардын кызыгуусун тартууда

Түркия Иран үчүн абдан маанилүү базар

338464
Түрк алтыны ирандыктардын кызыгуусун тартууда

Түркиянын Иранга карата баалуу металлдар менен капталган алтын кооздук буюмдарын экспорттоодо өткөн жылдын 6 айында 1 миллион 834 миң доллар болгон болсо бул жылдын 6 айында 453 миллион долларга жогорулады.
Түркия статистикалык мекемесинин берген маалыматына караганда Иранга карата жалпы экспорт бул жылдын январь - июнь мезгилинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 30, 4 пайызга өсүү көрсөттү. Бижутерия экспорту ассоциациясынын төрагасы Айхан Гүнер ирандык кардарлардын акыркы жылдарда Стамбулда өткөрүлгөн бижутерия жарманкелерине катышуусу менен талаптын өскөнүн да айтты.
Бижутерия өндүрүүнүн борборунун Стамбул экенин баса белгилеген Гүнер Ирандын Түркия үчүн абдан маанилүү базар экенин жана азыркы учурдагы сандардан бир канча эсе ашыкча алтын буюмдардын сатыла аларын белгиледи.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар