Франциядан МҮСИАД мүчөлөрүнө виза жеңилдиги

Бул келишимдин эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылуусуна чоң салым кошоору күтүлүүдө.

380130
Франциядан МҮСИАД мүчөлөрүнө виза жеңилдиги


Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коомуна (МҮСИАД) мүчө ишкерлердин Францияга оңой жана узун мөөнөттү виза алууларына жеңилдик киргизген келишимге Стамбулда кол коюлду.
Стамбулдагы Франция сарайында өткөрүлгөн кол коюу аземине МҮСИАДдын төрагасы Наил Олпак, Франциянын Түркиядагы элчиси Лоран Били жана Стамбулдагы башкы консулу Мюриэль Доменак катышты.
Бул келишимдин эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн арттырылуусуна чоң салым кошоору күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар