Греция үчүн орчундуу күндөр башталды

Карызга белчесинен баткан Грецияда банктар 6 күн бою ачылбайт.

324804
Греция үчүн орчундуу күндөр башталды

Европалык кредиторлору менен келише албаган Греция үчүн орчундуу күндөр башталды.
Карызга белчесинен баткан өлкөдө банктар 6 күн бою жабык турат. Грецияда чечими кызыгылып күтүлгөн Каржылык ырааттуулук кеңешинин жыйыны аяктады. Жыйналыштан кийин премьер-министр Алексис Ципрас, банктардын 6 күн ачылбай турганын айтты. Бул мөөнөттүн ичинде банк автоматтарынан алына турган акча да күндө 60 евродон ашпайт. 6-июлга чейин банктар менен катар биржанын да ачылбай турганы жана капитал текшерүүсү ишке ашырылбай турганы белгиленди.
Европанын Борбордук банкынан келген колдоо менен иштеп жаткан Грециянын банктары бул колдоо үзүлгөн учурунда жетиштүү накталай акча таба албай калуу коркунучунда турат.
Накталай акча таба албаган жана 30-июнга дейре Эл аралык Валюта Фондуна төлөшү керек болгон 1,6 миллиард доллардык карызын төлөй албаган өлкө банкроттун босогосунда турат.
Грецияда эл, Европанын кредит үчүн алдыга койгон шарттарына «макул» же «каршы» деген добушун берүү үчүн жекшемби күнү референдумга барат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар