ТИКА Газага көп кабаттуу турак жайларды салып берет

ТИКАнын Газа тилкесинде 12 жарым миллион доллардык көп кабаттуу 15 турак жай куруп берээри белгиленди.

318960
ТИКА Газага көп кабаттуу турак жайларды салып берет

Израилдин кол салууларынан кийин урандылар шаарына айланган Газанын кайрадан курулуусу үчүн макулдашылды.
Палестинанын Отурукташуу жана турак жай министрлиги керектүү курулуш материалдарынын өткөрүлүүсү темасында Израиль менен макулдашканын билдирди.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Газа тилкесинде 12 жарым миллион доллардык көп кабаттуу 15 турак жай куруп берээри белгиленди.
Израилдин 2014-жылдын 7-июлунда баштаткан жана 51 күнгө созулган Газага карай кол салууларында 2 миңден ашуун киши каза болгон.
Кол салууларда орто эсеп менен 12 миң үй толугу менен урап калып, 160 турак жай зыян тарткан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар