Греция банкроттун босогосунда турат

Грециянын премьер-министри А.Ципрас карыз кризиси боюнча келише алуу үчүн Брюсселде болгон күчүн жумшоодо.

319514
Греция банкроттун босогосунда турат

Греция жана европалык донорлорунун ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок.
Брюсселде болгон Евро аймагынын каржы министрлеринин жыйналышы, тараптардын ортосундагы терең көз караш айырмачылыгынын чечиле албоосунун себебинен бүгүнкүгө калтырылды.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас карыз кризиси боюнча келише алуу үчүн Брюсселде болгон күчүн жумшоодо. Европа Биримдиги жана Эл аралык Валюта Фондунун карыз кризисинен ашып өтүү үчүн сунуштаган сунуштарын кабыл албаган Ципрас, өз сунушун четке каккан донорлорду сынга алды.
Евро аймагынын каржы министрлери болсо маселенин чечилиши үчүн өткөргөн жыйналышты кыскача бүтүрдү. Министрлер бүгүн кайра чогулушат. Соодалашуулардан майнап чыкпай калган учурунда Греция, банкроттун босогосуна келип Евро аймагынан жана Европа Биримдигинен чыгарылуу коркунучуна туш болот. Тараптардын эң кеч 30-июнга чейин макулдашуулары керек.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар