Баклава экспорту

Баклава 17, 5 миллион доллар алып кеди

311439
Баклава экспорту

ТҮИКтин берген маалыматына караганда Түркия 2010 – 2014 – жылдардын аралыгында түрк ашканасынын салттык таттуусу баклава менен дүйнөнүн 63 өлкөсүнө 1564 тонна экспорт кылды.
Түркиянын баклава экспортунда биринчи орунду 3 миллион 465 миң доллар наркында 330 тонна продукция менен АКШ алды. Түрк жарандары көп жашаган Германия бул мезгилде Түркиядан эң көп баклава экспорттоп алган экинчи өлкө болду. Германияга жасалган баклава экспортунан 1 миллион 268 миң доллар киреше алынды.
Бириккен Араб Эмирликтери 661 миң доллар менен Түркиянын баклава экспортунда үчүнчү орунду алып, анын артынан 563 миң доллар менен Швейцария, 526 миң доллар менен Сауд Арабстан, 366 миң доллар менен Австралия, 340 миң доллар менен Ирак, 365 миң доллар менен Бельгия жана 252 миң доллар менен Франция келди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар