FЕD пайыз жогорулатпай турганынын белгисин берди
Американын борбордук банкы (FЕD) пайыздар тууралуу маалымат берди.
Американын борбордук банкынын (FЕD) төрайымы Жанет Йеллен Борбордук банктын алгачкы пайыз жогорулатууга качан баштай турганы жөнүндө токтом чыгарбаганын белгиледи.
Йеллен: «Пайыз жогорулатууга баштоодон мурда жумшак өсүүнүн улана турганына байланыштуу так көрсөткүчтөрдү көргүбүз келет»-деди.Йеллен базарларды алгачкы пайыз жогорулатууга болгондон дагы көп маани берип жатканы менен сындады.
Пайыз жогорулатуу токтомунун күтүүлөргө эмес, көрсөткүчтөргө байланыштуу боло турганын баса белгилеген Йеллен, FЕDдин инфляция максаттарында бир аз жылыш камсыздалганын жана мында энергетика бааларынын ырааттуулукка ээ болушу маанилүү роль ойногонун сөз кылды.
FЕD төрайымы, Греция жана насыя берүүчүлөрүнүн ортосунда чечилбей жаткан сүйлөшүү тууралуу да, «келишим түзүлө албаган учурунда, Европанын экономикалык көрүнүшүнө жана глобалдык финансы базарларына таасир тийгизе турган аксоолор үчүн потенция көрүүдөмүн»-деди.