Чоң жетиликтин эки күндүк саммити башталууда

Саммитте лидерлерди коргоо максатында 25 миң полиция кызмат кылат.

294679
Чоң жетиликтин эки күндүк саммити башталууда

Германияда 7-8-июнда өткөрүлө турган Чоң жетиликтин саммити нааразылык акцияларынын көлөкөсүндө башталууда.
Кечээ Мюнхен шаарында чогулган миңдеген киши киреше адилетсизидигин протест кылышты.
Демонстранттар Чоң жетиликтин лидерлерин жакыр өлкөлөргө жардам берүүгө чакырышты.
Өнөр жайлашкан жети өлкө болгон АКШ, Англия, Япония, Германия, Италия, Канада жана Франциянын катышуусунда өтө турган Чоң жетиликтин саммити үчүн аймакта тыгыз коопсуздук чаралары көрүлдү.
Саммитте лидерлерди коргоо максатында 25 миң полиция кызмат кылат.
Саммитке сүйлөшүлө турган темалардан улам Ирак, Тунис, Нигерия, Эфиопия, Либерия жана Сенегалдын мамлекет жана өкмөт башчылары да чакырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар