Бүгүн Дүйнөлүк Дыйкандар Күнү

Мехди Экер дыйкандарды куттуктады.

275153
Бүгүн Дүйнөлүк Дыйкандар Күнү


Азык-түлүк, айыл-чарба жана мал чарба министри Мехди Экер Дыйкандар күнүнөн улам жарыялаган билдирүүсүндө: «Өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө чоң салымын кошкон дыйкандарыбызга ар дайым колдоо көрсөттүк жана колдоо көрсөтүүнү да улантабыз»,-деди.
Мехди Экер билдирүүсүндө, аймагында лидер болгон жана дүйнөдө алдыңкы орундарга жогорулоону максаттаган Түркиянын акыркы жылдарда ишке ашырган саясаттары менен айыл-чарба тармагында маанилүү өнүгүүлөр болгонун белгиледи.
Жасалган инвестициялар аркылуу Түркиянын дүйнөдөгү жетинчи, Европанын болсо биринчи чоң күчүнө айланаарын сөз кылган Экер кургакчылык, үшүк алуу жана сел сыяктуу апааттардан жапа чеккен дыйкандарга жардам көрсөткөндөрүн да баса белгиледи.
Карыздарды кечеңдетүү жеңилдигин да киргизгендерин айткан министр Мехди Экер, дыйкандарды Дүйнөлүк дыйкандар күнү менен куттуктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар