Автомобиль базары төрт айда 57 пайызга өстү

Апрель айында болсо автомобиль жана жеңил соода унаа базарында сатуу 91 миң 602 даанага жетти

263622
Автомобиль базары төрт айда 57 пайызга өстү

Түркия автомобиль жана жеңил соода унааларынын жалпы базары 2015 - жылдын биринчи төрт айында андан мурунку жылдын ошол эле мезгилине караганда 57, 11 пайызга өстү.
Автомобиль сатуулары 2015 - жылы январь - апрель айларынын ортосунда андан мурунку жылдын ушул эле мезгилине караганда 49, 26 пайызга өсүп 197 миң 202 даанага чыккан. Жеңил соода унаа базары да 2015 - жылы биринчи төрт айында өткөн жылга караганда 85, 54 пайызга артып, 67 миң 648 даанага жетти. Апрель айында болсо автомобиль жана жеңил соода унаа базарында сатуу 91 миң 602 даанага жетти. Бул сан 2014 – жылы апрель айында 71, 85 пайызга өсүү дегенди билдирет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар