Түркия менен Вьетнам кызматташууда

Эки өлкөнүн ортосунда келишимдерге кол коюлду.

247122
Түркия менен Вьетнам кызматташууда

Түркия менен Вьетнамдын ортосунда транспорт тармагында кызматташтык келишимине кол коюлду.
Кызматташууга байланыштуу протоколдорго Түркиянын транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Феридун Билгин менен Вьетнамдын транспорт министри Динь Ла Тханг кол коюшту.
Министр Билгин эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода көлөмүнүн Түркия менен Вьетнамдын потенциялдарына ылайыктуу эмес экенин белгилеп: «Бул келишим карым-катнаштарыбыздын өнүгүүсүнө салым кошот деп ойлоймун»,-деди.
Вьетнамдык министр да президент Режеп Таййип Эрдогандын Вьетнамдын президентин Чанаккале жеңишинин 100 жылдыгына карата өткөрүлө турган аземдерге чакыргандыгынан улам ыраазычылыгын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар