Чешменин туризми Стамбулда таанытылды

«9 аялдама, 9 сыноо» аттуу долбоордун максаты аймакта туризм сезонун 10 айга жаюу болуп саналат.

231734
Чешменин туризми Стамбулда таанытылды

Измирдин Чешме району, көпкөк деңизи, жапжашыл табияты жана табыла элек табигый коодуктары бар аймак.
Чешмени дүйнөнүн эң алдыңкы туризм борборлорунан бирине айлантууну максаттаган Чешме мэриясы, жаңы бир долбоорду Стамбулда таанытты.
Чешменин ушул убакка дейре жетиштүү түрдө таанылбаган кооздуктары түшүндүрүлгөн «9 аялдама, 9 сыноо» аттуу долбоордун максаты аймакта туризм сезонун 10 айга жаюу болуп саналат.
Чешмеде эми фестивалдар шаардагы мейманканалар жана фирмалар эң көп иштеген мезгил болгон жайкы сезон менен катар күз жана жазда да өткөрүлмөкчү.
Ушундайча шаардын арашан булактары менен тарыхый жана табигый кооздуктарын көрүү үчүн бул жерге ар башка убактарда келиш үчүн бир топ ар башка себеп жаратылат.
Долбоор менен аймактагы туризм потенциясы кыймылга өткөрүлүп чет өлкөлүк турист саны артат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар