Евро аймагы Грецияга ультиматум койду

Греция куткаруу пакетине кошулган шарттардын өлкөнү жакырчылыкка сүргөнүн жактоодо.

221054
Евро аймагы  Грецияга ультиматум койду

Евро тобунун каржы минстрлеринин жыйналышынан кийин маалымат берген Евро тобунун төрагасы жана нидерландиянын каржы минстри Юруун Дайсилблум эң жакшы чыгуучу жолдун Грек органдарынын учурдагы программасынын узартылышын издөөгө кириши борлоорун айтты.
Дайсилблум Грециядан бул багытта талап келген учурунда евро аймагынын каржы министрлеринин жума күнү кезексиз чогула турганын айтты.
Грециянын каржы министри Янис Варофакис болсо Европа комиссиясынын экономика иштери боюнча жооптуу комиссары Пиер Московисинин кызматын жаңы баштаган грек өкмөтүнүн саясат өзгөртүүсүн жасашы үчүн 4 айлык мөөнөттү суранган сунушун кабыл албаганы менен Дайсилблумга даттанды.
Грек министр, «бүдөмүк сыяктуу көрүнгөн абалдан жакшы бир түшүнүк чыгара тургандарына ишенгенин» белгиледи. Грек тарабы оптимист болсо да, Франциянын макулдашуу чакырыгына карабастан эң чоң кредитор Германиянын темирдей бекем мамилесин улантышынын себебинен тез чечим табуу мүмкүнчүлүгү аз көрүнүүдө.
Узартуу тандоосун ушул күнгө чейин четке каккан Греция, куткаруу пакетине кошулган шарттардын өлкөнү жакырчылыкка сүргөнүн жактоодо.
Афина мөөнөттү узартуу талабын койсо, Евро аймагынын каржы министрлери куткаруу пакети келишиминин шарттарын жеңилдетүү альтернативасын карайт.
Башка бир тандоо болсо Грециянын Евро аймагынан чыгарлышы катары көрүнүүдө.
Греция, Евро аймагы өлкөлөрү жана Эл аралык Валюта Фонду менен болгон 273 миллиард доллардык куткаруу пакети келишиминин ордуна башка келишим түзүүнү каалап жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар