Түркияда жумуш күчү

Түркиянын статистика мекемеси жумушчу күчүнө байланыштуу көрсөткүчтөрүн жарыялады.

220081
Түркияда жумуш күчү


2014-жылдын ноябрь айында жумушсуздардын саны 3 миллион 96 миң киши болду.
Октябрь айында 10,4 пайыз болгон жумушсуздук көрсөткүчү ноябрь айында 10,7 пайыз деп белгиленди.
Ушул эле мезгилде айыл-чарба тармагынан тышкаркы жумушсуздук көрсөткүчү 12,7 пайыз болду.
Жумушчулардын саны 2014-жылдын ноябрь айында 28 миллион 970 миң киши, жумуш күчүнө кошулгандардын саны болсо 50,5 пайыз деп катталды.
Каржы министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда 2014-жылдын төртүнчү мезгилинде коомдук жайларда иштегендердин жалпы саны 2013-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайыз өсүп 3 миллион 440 миң кишиге жетти.
Экономикалык иш-чараларга ылайык жумуш менен камсыздалгандарда эң жогорку өсүү 50 миң киши менен тейлөө секторунда аткарылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар