Евро аймагынын экономикасы

2014-жылы Евро аймагынын экономикасы 0,9 пайыз өстү.

218324
Евро аймагынын экономикасы

Евро аймагынын экономикасы өткөн жылдын акыркы үч айында божомолдонгондон дагы көбүрөөк өстү.
Бирок ошентсе да өсүү көрсөткүчү толук калыбына келгендигин айтуу үчүн дагы эле төмөн.
Аймакта 0,3 пайыздык көрсөткүчтө немис экономикасындагы өсүүнүн ылдамдашы таасирдүү болду.
Мунай бааларындагы төмөндөө да экономикага чоң салымын кошту.
2014-жылы жалпысынан караганда Евро аймагынын экономикасы 0,9 пайыз өстү.
Евро аймагынын эң чоң экономикасы Германия бул темада алдыга чыкты.
Германиянын экономикасы өткөн жылы 1,6 пайыз өстү.
2015-жылы Литванын кошулуусу менен мүчө өлкөлөрдүн саны 19ге жеткен Евро аймагында өткөн жылы Греция, Финляндия жана Кипрдын Рум бөлүгүндө гана экономика төмөн болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар