Санкциялардын таасири

Европа Биримдигинин киргизген санкциялары бир гана Орусияга эмес өз экономикасына да таасирин тийгизди.

215196
Санкциялардын таасири


Санкциялар Европа Биримдигине 21 миллиард евролук экспорт чыгымын алып келди.
Украина маселесинин себебинен Орусияга киргизилген санкциялар Европа Биримдигинде бөлүнүүгө себепчи болууда.
Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Гарсия-Маргальо: «Санкциялардын таасири оор болду. Европа Биримдиги ушул учурга чейин 21 миллиард евролук чыгымга учурады»,-деди.
Санкциялардын орус экономикасына карата чыгымынын жылына 40 миллиард доллар экени белгиленген болчу.
Батыштык өлкөлөр Орусияны Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөтүп жатат деп күнөөлөсө, Москва болсо бул күнөлөөлөрдү четке кагууда.
Бул учурда Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында, Орусияга карай санкциялардын кеңейтилишине чечим чыгарылды. Бирок бул чечим тынчтык сүйлөшүүлөрү уланып жаткандыктан бир жумага кечеңдетилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар