Банк Азия Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фондуна өттү

Чечимге ылайык Банк Азиянын 122 өнөктөшү дивидендден тышкары банктын өнөктөштүк укуктарынан пайдалана алышпайт.

210826
Банк Азия Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фондуна өттү

Банк Азия башкаруучулугу Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фондуна өттү.
Банктарды жөнгө салуу жана текшерүү кеңеши Банк Азиянын 63 пайызын Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фонду тарабынан колдонулушуна чечим чыгарды.
Мекеме Банк Азиянын банкчылык мыйзамынын алкагында «мекеменин таасирдүү текшерилишине тоскоол болбой турган ачык жана так өнөктөштүк түзүлүшү жана уюштуруу схемасына ээ болушу» шартын бузганы белгиленди.
Ушул себептен үлүш ээлеринин тийиштүү мүнөздөмөнү алып жүргөнү жөнүндө маалымат жана документтердин мекемеге таанытылышына жана жасала турган баа берүүлөр жыйынтыкталганга дейре өнөктөштөрдүн үлүштөрүнө байланыштуу дивиденд тышындагы укуктарынын Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фонду тарабынан колдонулушуна чечим чыгарганы билдирилди.
Бул чечимге ылайык Банк Азиянын 122 өнөктөшү дивидендден тышкары банктын өнөктөштүк укуктарынан пайдалана алышпайт.
Ал эми маалымат жана документтерин берген учурларында өнөктөштүк укуктары кайтарылып берилет.
Банк Азиянын туруктуу банкчылык иштерин улантып жатканы билдирилди.
Банктын Стамбулдагы башкы директорлугунда болсо кыймылдуулук күч алды.
Кечки сааттардан баштап Үнөмдөөчү сактык кассасын камсыздоо фонду полициянын коштоосунда иликтөө жүргүздү.
Атайын коопсуздук күчтөр имараттын чөйрөсүндө кеңири коопсуздук чараларын көрүштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар