Түркияда информатика тармагы ылдам өсүүдө

Элван информатика тармагындагы өсүүнүн Түркиянын экономикалык өсүүсүнүн 4 эсесинен дагы көп болгонун айтты.

196923
Түркияда информатика тармагы ылдам өсүүдө

Транспорт,деңизчилик жана байланыш министри Лүтфү Элван информатика тармагындагы өсүүнүн Түркиянын экономикалык өсүүсүнүн 4 эсесинен дагы көп болгонун айтты.
Чорумда чакыруу борборунун ачылышында сөз сүйлөгөн Лүтфү Элван бул борборлордун өлкөнүн экономикасына салымы зор болгонун белгиледи.
Транспорт,деңизчилик жана байланыш министри Лүтфү Элван Чорумда бир канча жолугушуу өткөрдү.
Элван: «Акыркы жылдарда өлкөбүздө информатика тармагында маанилүү өнүгүүлөр болду. Дүйнөдө информатика тармагы башка тармактардын локомотиви абалына айланды. Түркияны карай турган болсок, Түркиядагы информатика тармагындагы өсүү, Түркиянын өсүүсүнүн 4 эсесинен дагы көп»-деди.
Лүтфү Элван чакыруу борборлорунда жумуш менен камсыздалган киши саны 100 миңден ашканын баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар