Мудис Орусиянын насыя рейтинг баасын түшүрдү

Орусиянын экономикасы боюнча дагы бир жаман кабар Мудистен келди.

188740
Мудис Орусиянын насыя рейтинг баасын түшүрдү

Украина кризисинин себебинен татаал күндөрдү өткөргөн Орусиянын экономикасы боюнча дагы бир жаман кабар Мудистен келди.
Эл аралык насыя рейтинг баасын берүүчү мекеме- Moody’s, Орусиянын насыя рейтинг баасын ВАА2ден ВАА3кө түшүрдү.
Мекеме Орусияны байкап жатканын жана баанын дагы бир баскычка түшүшү мүмкүн экендиги боюнча эскертти.
Ушуну менен Standard & Poor's жана Fitch’ten кийин Moody’s да Орусиянын насыя рейтинг баасын инвестиция жасалса боло турган эң төмөнкү өлкө деңгээлине түшүргөн болду.
Орусиянын насыя рейтинг баасы 1998-жылкы кризистен бери эң төмөнкү инвестиция жасалса боло турган өлкө рейтинг деңгээлинде көрдү.
Насыя рейтинг баасы төмөндөшүнө Европанын санкциялары, мунай зат бааларынын төмөндөшү жана рублдын кунун жоготушу таасирин көрсөткөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар