Немистерге кийим-кече, француздарга автомобиль саттык

Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрү.

179000
Немистерге кийим-кече, француздарга автомобиль саттык

Немистерге кийим-кече, француздарга автомобиль саттык.
Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнө караганда 2014-жылы экспорт тизмелөөсүндөгү алгачкы 20 өлкөгө жалпы 102 миллиард доллардык тышкы соода ишке ашты.
Экспортто биринчи орунду 15 миллиард доллар менен Германия ээледи. Текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы 4 миллиард доллар менен бул өлкөгө эң көп экспорт кылган сектор болду.
Дан өсүмдүктөрү, буурчак өсүмдүктөрүнүн даны, майлуу үрөн жана өсүмдүктөрү, жалпы экспортто 10,7 миллиард доллар менен экинчи турган Иракка өткөн жылы эң көп азык саткан сектор катары катталды.
Англия 9,7 миллиард доллар менен өткөн жылы эң көп экспорт кылынган үчүнчү өлкө болду. Текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы 2,5 миллиард доллар менен бул өлкөгө эң көп экспорт кылган сектор болду.
Экспортто 7 миллиард доллар менен Италия төртүнчү, ал эми 6,4 миллиард доллар менен Франция бешинчи орунду ээледи. Эки өлкөнүн тең экспортунда транспорт унаалары жана кошумча өнөр жай сектору биринчи орунда турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар