Түркия фындык экспортунда рекордго жетишти

Түркия 2014-жылы 110 өлкөгө фындык сатып 2,5 миллиард доллар киреше тапкан.

171101
Түркия фындык экспортунда рекордго жетишти

Дүйнөлүк фындык өндүрүшүнүн орто эсеп менен 75 пайызын колунда кармаган Түркия, өткөн жылы 110 өлкөгө фындык сатып 2,5 миллиард доллар киреше тапкан.
Кара деңиз фындык жана продукцияларын экспорттоо биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда Түркия 2014-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 110 өлкөгө 252,5 тонна чагылган фындык сатты.
Түркия 2013-жылы 105 өлкөгө орто эсеп менен 275 миң тонна чагылган фындык экспорттоп, андан 1 миллиард 760 миллион доллар киреше тапкан.
Быйыл болсо фындык экспортунан 2 миллиард 800 миллион доллардык валюта түшүшү божомолдонууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар