Экспорт рекорду

Экспорт өткөн жылды рекорд менен жапты

168016
Экспорт рекорду

2014 - жылы Түркиянын экспорту 4 пайыздык өсүү менен республика тарыхынын рекорду болгон 157 миллиард 622 миллион долларга жетти. Түркия Экспортчулар Парламенти 2014 - жылдын акыркы экспорт сандарын жазуу түрүндөгү маалымат менен жарыялады. Ушуга караганда декабрь айында Түркиянын экспорту өткөн жылдын ушул эле айына караганда 1, 1 пайызга өсүп 13 миллиард 137 миллион доллар болду.
2014 - жылы Түркиянын жалпы экспорту болсо өткөн жылга караганда 4 пайыздык өсүү менен 157 миллиард 622 миллион долларга жогорулады. Бул сан республика тарыхынын эң жогорку жылдык экспорт саны.
2014 - жылы Түркиянын экспорт чемпиону 22 миллиард 270 миллион доллар менен автомобиль сектору болду. Бул секторду 18, 7 миллиард доллар менен даяр кийим жана конфекция менен 17, 8 миллиард доллар менен химиялык препараттар сектору келди. 2014 – жылы эң көп экспорт жасалган 5 өлкө болсо кезеги менен Германия, Ирак, Англия, Италия жана Иран болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар