Өсүү көрсөткүчтөрү

Түркияда ички дүң продукция өстү.

143260
Өсүү көрсөткүчтөрү


Түркия үчүнчү чейректе 1,7 пайыз өстү.
Түркиянын статистика мекемеси июль-сентябрь айларын камтыган үчүнчү чейректин өлкөдөгү ички дүң продукция көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Бул мезгилде Түркиянын экономикасы 1,7 пайыз өсүп, өлкөдөгү ички дүң продукция 33 миллиард 530 миллион лира болду.
2014-жылдын биринчи тогуз айлык мезгилинде болсо өсүү көрсөткүчтөрү 2,8 пайыз өсүп 93 миллиард 733 миллион лира болду.
Ушул эле мезгилде өндүрүш өнөр жайы 2,2 пайыз, кен байлык сектору 4,1 пайыз, курулуш сектору 1 пайыз өстү.
Айыл-чарба сектору болсо үчүнчү чейректе 4,9 пайыз кичирейди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар