Тышкы соода көрсөткүчтөрү

Түркиянын статистика мекемеси октябрь айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

208471
Тышкы соода көрсөткүчтөрү

Тышкы соодадагы таңсыктык азайып 6 миллиард 252 миллион доллар болду.
Экспорт болсо 7,3 пайыз өстү.
Түркиянын статистика мекемеси октябрь айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Октябрь айында тышкы соода таңсыктыгы 15,8 пайыз азайып 7 миллиард 429 миллион доллардан 6 миллиард 252 миллион долларга түштү.
Экспорт октябрь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,3 пайыз өсүп 12 миллиард 933 миллион доллар, импорт болсо 1,5 пайыз азайып 19 миллиард 185 миллион доллар болду.
Экспорттун импортту толуктоо көрсөткүчү 2013-жылдын октябрь айында 61, 9 пайыз болсо, 2014-жылдын октябрь айында 67,4 пайызга жетти.
Европа Биримдигине экспорт 8,1 пайыз өсүп, эң көп экспорт жасалган өлкө Германия болду.
Импортто болсо Кытай биринчи орунду ээледи.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар