Түрк-Америка соода карым-катнаштары

Түрк-Америка соода карым-катнаштарында жаңы мезгил башталды.

195182
Түрк-Америка соода карым-катнаштары


Америка Кошмо Штаттарынын соода палатасы дүйнөдөгү экинчи аймактык кеңсесин Стамбулда ачты.
Түркиянын өнүгүү министри Жевдет Йылмаз бул кеңсе жалгыз гана Түркиянын эмес, аймактын тынчтык жана ырааттуулугуна да салым кошоорун айтты.
АКШ 16 триллион доллардык улуттук киреше менен дүйнөнүн эң чоң экономикасы болуп саналат.
Түркия Американын импортунда 41, экспорт кылган өлкөлөрдүн тизмесинде болсо 26чы орунда турат.
20 миллиард доллар деңгээлиндеги Түркия-Америка соода карым-катнаштарынын өнүктүрүлүүсү жолунда маанилүү кадам ташталды.
АКШнын соода палатасы Брюсселден кийин экинчи кеңсесин Стамбулда ачты.
Түркия АКШ үчүн Орто Азия, Жакынкы Чыгыш жана Африкага ачылган база. Ушундан улам бул кадам өтө маанилүү.
Бул кеңсе эки тараптуу жана аймактык карым-катнаштарды өнүктүрүп, дүйнөлүк тынчтык жана ырааттуулукка да салым кошот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар