Күн нурунан энергия бөлүп чыгаруучу станциялар курулат
Түркия күндүн күчүн колдонууга даярданууда.
198536
Энергетика жана жаратылыш байлыктары министрлиги биринчи баскычта 600 мегаваттык күн энергиясы станцияларын 2015-жылы күчүнө киргизет.
Коюлган максат 2023-жылы энергетикага болгон муктаждыктын 5 пайызын күндөн камсыздоо.
Эл аралык күн энергиясы биримдигинин Түркиядагы төрагасынын орун басары Осман Өзберк: «Максатыбыз 2023-жылы күн нурунан 10-12 миң мегаваттык энергия өндүрүү»,-деди.