Түркияда кедейлердин кирешелери жогорулап баратат
Түркияда эң кедей 20 пайыздык калк менен эң бай 20 пайыздык калктын ортосундагы киреше айырмачылыгы азаюуда.
135874
Түркия статистика мекемеси «Киреше жана жашоо шарттарын изилдөө-2013» көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Түркияда эң жакыр 20 пайыздык калк менен эң бай 20 пайыздык калктын ортосундагы киреше айырмачылыгы 2013-жылы 7,7 эсе болду...
Бул айырмачылык мурдагы жылы 8 эсе болгон.
2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда эң жогорку кирешеге ээ болгон 20 пайыздын ичиндегилер жалпы кирешеден 46,6 пайыздык үлүш алса, эң төмөнкү кирешеге ээ болгон топтогулардын жалпы кирешеден алган үлүшү 6,1 пайызды түзгөн.