Түркияда туризм өсүүдө

Түркия дүйнөлүк туризм потенциясына ээ болгон өлкөлөрдүн арасында алдыңкы 5 өлкөнүн арасына кирмекчи.

134108
Түркияда туризм өсүүдө


Түркия дүйнөлүк туризм потенциясына ээ болгон өлкөлөрдүн арасында алдыңкы 5 өлкөнүн арасына кирүүнү максаттап жатат.
Түркияга июль айында келген чет өлкөлүк турист санында мурдагы жылдын бирдей эле мезгилине салыштырмалуу 13,52 пайыздык өсүү көрүндү.
Турист санында туризм кирешелеринде олуттуу көлөмдө өсүү болууда. Үстүбүздөгү жылдын акырында Түркияга келген турист саны 42 миллион жана жалпы киреше 35-36 миллиард доллардын тегерегинде боло труганы божомолдонууда.
2013-жылы туризм кирешелери экспорт кирешелеринин 21,3 пайызын түздү.
Күтүүлөр туризм секторунда жетишилген кирешенин экономикага салымынын быйыл жана мындан кийинки жылдарда өсүп улана турганы багытында.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар