Түркияда электрдүү унаа чыкты

Түркиянын кубаттулукту электр энергиясынан алган жаңы унаасы сыноодон ийгиликтүү өттү.

132287
Түркияда электрдүү унаа чыкты

Түркиянын кубаттулукту электр энергиясынан алган жаңы унаасы сыноодон ийгиликтүү өттү.
2 саатта толук заряддалган унаа 400 км жүрө алат.
Өндүрүү процесси 3 айга созулган электрдүү кичи автобус илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык тарабынан сыналды.
Унаага министр тарабынан канааттандырарлык баа берилди.
Фикри Ышык электр энергиясы менен иштөөчү машинанын 2020-жылга чейин пайдаланууга чыга турганын айтты.
Министр өндүрүшү аз болгондуктан баасы кымбат болгон электрдүү унаанын бааларынын да түшө турганын белгиледи.
Стамбул техникалык университетинде долбоорлонгон унаа эң оболу студенттик шаарчада айланып жүрө турганы белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар