Түркияга эң көп немис жана орус туристтер келишти

Түркияга келген орус туристтердин саны 2001-жылдан бери 563 пайыз өстү.

97355
Түркияга эң көп немис жана орус туристтер келишти

Түркияга эң көп немис жана орус туристтер келишти.
Маданият жана туризм министрлигине караштуу Таанытуу башкармалыгынын мүдүрү Ирфан Өнал, жүргүзүлгөн ийгиликтүү таанытуу иш-чараларынын негизинде Түркия 2015-жылы да орус жана немис туристтердин көздөгөн жери болоорун белгиледи.
Өнал, аймакта жана коңшу өлкөлөрдө болуп жаткан маселелерге карабастан туризмде маанилүү кадамдар ташталгандыктан Түркияны 2023-жылга карата туризм максаттарына ишенимдүү жакындатканын айтты.
Маданият жана туризм министрлигинин көрсөткөчтөрүнө караганда, Түркияга келген орус туристтердин саны 2001-жылдан бери 563 пайыз өстү.
Өткөн жылы 1 миллион 695 миң 133 орусиялыкты тосуп алган Түркия жылдын биринчи алты айында 1 миллион 923 миң 811 орусту коноктоду. Түркияга келген орустардын 78 пайызы Антальяга, 14 пайызы болсо Стамбулга келди.
Өткөн жылы Түркияга эң көп турист жиберген өлкө 5 миллион 41 миң менен Германия болгон. Быйыл болсо Орусиядан кийин экинчи орунда турган Германиядан жылдын биринчи жарымында 1,9 миллион турист Түркияга келди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар