Орусия жаңы сакцияларды киргизүүгө даярданууда

Батыштын санкциялары уланган учурунда Орусия да жаңы санкцияларды киргизет.

94954
Орусия жаңы сакцияларды киргизүүгө даярданууда

Орусия жаңы сакцияларды киргизүүгө даярданууда.
Кремль батыш өлкөлөрүнө карай санкция тизмесин кеңейтүүнү жана Украина, Молдова менен Грузияны жазаландырууну пландоодо.
«Ведомости» гезинин кабарына караганда өкмөт, өнөр жай товарларын импорттоого чектөө коюлушун көздөгөн чара көрүүлөр долбоорун президентке жөнөттү. Бирок Владимир Путин азырынча азык-түлүк товарларын импорттоого гана тыюу салынышына буйрук берди. Батыштын санкциялары уланган учурунда Орусия да жаңы санкцияларды киргизет.
Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков да мурдагы билдирүүсүндө, Орусиянын сакцияларынын мажбур чара көрүүлөр экенин, батыштан жаңы кадамдар ташталган учурунда Москванын чектөөлөрдүн кеңейтилиши темасын кайра карай турганын билдирди.
Орус эл өкүлдөрү болсо санкциялар тизмесинин кеңейтилишин каалоодо. Либерал демократ партиясынан эл өкүлү Роман Худьяков Украина, Молдова жана Грузиянын санкция киргизиле турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизилишин талап кылды.
Думанын экономика саясаттары боюнча комитетинин төрага орун басары Виктор Звагельский болсо бул өлкөлөргө санкция киргизүүнүн керексиз экенин, бул санкциялардын атаандаштыктын толугу менен жоюлушуна себепчи болоорун билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар