Дүйнөнүн эң көп турист тарткан өлкөсү

Франция 2030-жылга чейин өлкөгө келген туристтердин санын 100 миллионго жеткирүүнү пландоодо.

88318
Дүйнөнүн эң көп турист тарткан өлкөсү


Франциянын Борбордук банкы менен антимонополдук комитети тарабынан жарыяланган изилдөө, Франциянын 2013-жылы 84 миллион 700 миң турист менен дүйнөнүн эң көп турист тарткан өлкөсү болгонун ортого салды.
Изилдөөгө караганда Франциядан кийин 69 миллион 800 миң киши менен АКШ жана 60 миллион 700 миң киши менен Испания орун алууда.
Өлкөгө Европадан 70 миллион, Америка материгинен 6 миллион 600 миң, Азиядан 4 миллион 500 миң, Океаниядан 1 миллион 400 миң жана Африкадан 2 миллион 100 миң турист келди.
Франция 2030-жылга чейин өлкөгө келген туристтердин санын 100 миллионго жеткирүүнү пландоодо.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар