Африканын жерлери 99 жылга түрк ишкерлерге берилди

Эми Түркияга тропикалык өсүмдүк мөмөлөрү дагы арзан баада кирет.

67181
Африканын жерлери 99 жылга түрк ишкерлерге берилди

Африканын түшүмдүү жерлери 99 жылга түрк ишкерлерге берилди.
Түркия тарыхында алгач ирет мамлекет жана жеке менчик сектордун кызматташтыгы менен Судандан 99 жылга талаа аянты ижарага алынды.
Түзүлгөн келишимге ылайык ал өлкөдөгү 780 миң гектардык аянтта түрк инвесторлору тропикалык жемиштер менен катар бир топ өсүмдүктү да өстүрө алышат.
Ананас, манго, авокадо, пепино жамбу, пахта, канола жана майлуу түшүмдөр сыяктуу өсүмдүктөр эми Түркияга дагы арзан баада кирет.
Судандын абдан түшүмдүү топрактарга ээ экендигин белгилеген Судандын элчиси Осман Элдирдыери, бул жерде өскөн өсүмдүктөрдү пайдалануу укугу Түркияныкы боло турганын айтты.
Түркиянын бул жерде өскөн өсүмдүктөрдүн экспортун башка Европа өлкөлөрүнө да жасай ала турганын белгилеген элчи, Судандын болсо финансы тармагында бул проекттен пайдалана турганын сөз кылды.
Иштин биринчи баскычы катары 12 миң 500 гектардык аянтка сыноо үчүн дыйкан чарба курулат.
Талаада иштей турган судандыктарга талаа чарбасы жана мал чарасы билими да берилет.
Талаа чарбасы менен катар мал чарбасы жана балыкчылык тармактарында да кызматташтык кылынат.
Эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосунда түзүлө турган келишим менен акча саясаттарынын ишке ашырылышына карата кадамдар ташталат.
Африкада түрктөр өндүргөн продукциялардын Европадан тышкары Жакынкы Чыгыш жана Африка базарында да сатылышы пландалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар