Түркиянын коргоо өнөр жайынын ийгилиги
2008-жылы 600 миллион доллардык коргоо техникасын экспорттогон Түркия, өткөн жылы бул санды 1 миллиард 400 миллион долларга жогорулатты.
Түрк коргоо өнөр жайы экспортто жаңы рекорддорго жетишүүдө.
Жылдын алгачкы үч айында экспортто 20 пайыздык өсүүгө жетишкен сектор, жылдын акырында 2 миллиард доллардык экспортту максаттоодо.
Түркия акыркы мезгилде коргоо өнөр жайы тармагында удаама-удаа нукура техникаларды ортого салууда.
Абдан сапаттуу болгон техникалар Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан да колдонула баштаган соң, дүйнөлүк армиялардын бел техникаларга талаптары көбөйдү.
2008-жылы 600 миллион доллардык коргоо технологиясын экспорттогон Түркия, өткөн жылы бул санды 1 миллиард 400 миллион долларга жогорулатты.
Ошол эле мезгилде Түркиянын жалпы экспорттогу өсүү катнашы 5,6 пайыз болду.
Тектеш кабарлар
Түркиянын туризм кирешеси өстү
Түркиянын статистикалык мекемеси, январь-март мезгилинин туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.