Дүйнөлүк басма сөз 12.08.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
France 24: Франциянын президенти Эммануэль Макрон, саламаттык сактоо кризиси "демократиялык" жол менен башкарылып жатат деп жактады.
Le Soir: Астероид Bennu Жерге коркунуч туудурабы? Американын авиация жана космос агенттиги (НАСА) өзүнүн эсептөөлөрүн карап чыкты: «(Бенну) Күн системабызда бар экени белгилүү болгон эң коркунучтуу астероиддердин бири».
Le Monde: Алжирдин түндүгүндө чыккан өрттөн 69 адам каза болду.
Аль-Дустур (Иордания гезити): Израиль 2021-жылдын башынан бери Чыгыш Кудста 81ден ашуун имаратты бузду.
Аль Кудс Аль Араби (Араб-британ гезити): Израиль менен Марокко кызматташтык жана кеңешүү келишимине (Марокконун борбору) Рабатта кол коюшту.
Аль Рая Аль Катария (Катар гезити): Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Тани жаңы элчилерди дайындоо боюнча чечим чыгарды.
Bild гезити: Берлинде тыңчылык айыптоосу. Британиянын Берлиндеги элчилигинин кызматкери Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен кармалды.
Handelsblatt: Дүйнөнүн эң чоң порту Нинбо жабылды. Шанхай шаарынын жанындагы порт коронавирусту жуктуруп алган кызматкердин айынан жабылды, жеткирүү түйүндөрү коркунучта.
La Vanguardia (Испания): Испания өзү өндүргөн биринчи Covid-19 вакцинасын сыноого уруксат берди.
Infobae (Аргентина): Ооганстан: Талибан 9 шаардын борборун көзөмөлгө алгандан кийин алар бир айдын ичинде борбор Кабулду изолияция кылып, 90 күндүн ичинде бийликти колго ала алышат.
ТАСС: 13 турист жана экипаждын үч мүчөсү бар Ми-8 тибиндеги тик учак Камчаткага катуу конду.
Коммерсант: Чехия Орусиянын коргонуу өнүмдөрүнүн эң ири импорттоочусу болду.
Известия: Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Якутиядагы токой өрттөрүн өчүрүү аймагына барды.