Дүйнөлүк басма сөз 8.07.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
El Pais: (Испания) Delta варианты Испанияда тездик менен жайылып жатат, ушул учурга чейин төрт автономдуу аймакта аныкталды.
TeleSur: (Венесуэла) Уругвай Меркосурдан тышкары (Түштүк Американын жалпы рыногу) үчүнчү өлкөлөр менен соода келишимдерин жүргүзө тургандыгын жарыялады.
Аль-Рая (Катар): Ирак: Керкуктагы бир электр берүү линиясына саботаж жасалды.
Аль-Кудс Аль-Араби: (АКШнын президенти Жо) Байден 19-июлда Иорданиянын падышасы Абдуллахты кабыл алат.
Al Jazeera: Дубайдагы Жебел Али портунда катуу жарылуу болду.
t-online: Италиялык футболчу Марион Балотелли Түркияга которулуп, жаңы сезондо Адана Демирспордо ойнойт.
Tagesschau: Экспорт 2020 - Кытай экспорттоодо Германиянын машина өндүрүүчүлөрүн артта калтырды.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурунку президенти Дональд Трамп Twitter, Facebook жана Google компанияларын сотко берди.
BFM.RU: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: «АКШ Афганистандагы 20 жылдык миссиясынын жеңилүүгө учурагандыгын мойнуна алды».
Lenta.ru: Сергей Лавров, Россия менен Япония тынчтык келишими боюнча бир пикирге келе алышпаса дагы алар дипломатиялык байланыштарын толугу менен сактай алышкандыгын билдирди.
ТАСС агенттиги: Молдованын мурунку президенти Игорь Додон өлкөдөгү кырдаалды жакшыртуу үчүн шашылыш чечимдер жана жаңы өкмөт керек деп айтты.
France 24: Гаитинин президентинин өлүмүнөн кийин төрт жалданма аскер өлтүрүлүп, экөөсү камакка алынды.
Le Monde: Euro- 2020: Англия Данияны (2-1 эсебинде) жеңип финалга чыкты.