Дүйнөлүк басма сөз 2.06.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Аль-Кудс Аль-Араби: Израиль веб-сайты: «Вашингтон, Нетаньяхунун Иранга кол салышынан коркуп, Израилдин коргоо министри Бенни Ганцты чакыртты».
Аль-Дустур (Иордания): Палестинанын Тышкы иштер министрлиги: «Мыйзамсыз отурукташууларды токтотуу Вашингтон үчүн чыр-чатакты чечүүдө чыныгы сыноо болуп саналат».
Deutsche Welle: Эгей: Анкара жана Афина жайдын жаңжалсыз өтүшүн каалашат.
Süddeutsche Zeitung: Германия НАТОнун бюджетин көбөйтүү планын колдойт.
Frankfurter Allgemeine Zeitung: Орусиялык оппозициячыл Андрей Пивоваров камакка алынды.
Le Soir (Бельгия): Европанын саламаттык сертификатынын (вакцина паспорту) Бельгиялыктар үчүн саякаттоону жеңилдете турган телефондук тиркемеси Covidsafe 17-июндан тарта колдонууга даяр.
Le Monde: Дүйнөдө Ковид-19: Алжир 15 айдан бери жабык турган чек араларын жарым-жартылай ачууда.
Le Figaro: Терроризмге каршы мыйзам долбоору: Франциянын парламенти, өзгөчө кырдаалдардын таасиринен келип чыккан чараларды туруктуу кылат.
El Pais (Испания): Изилдөө көрсөткөндөй, Ковид-19ду орто же жеңил өткөргөн адамдар өмүр бою антителолорду иштеп чыгышат.
El Mundo (İspanya): (Испания): Марокко аркылуу келген жүздөгөн адамдар кайрадан Сеутадагы Испания чек арасына агылды.
El Nacional (Венесуэла): Колумбияда коронавируска каршы эмделгендердин саны 10 миллиондон ашты.
ТАСС: Россиянын мамлекеттик технологиялык компаниясы Ростехтин жетекчиси Сергей Чемезов, Европа жана АКШ тарабынан Россияга каршы киргизилген катаал санкцияларды согушка салыштырды.
Lenta.ru: Россиянын мамлекеттик карызы 20 триллион рублга жакындап калды.
Коммерсант: Судан өз аймагындагы Россиянын аскер базасына байланыштуу келишимди кайра карай тургандыгын билдирди.