Дүйнөлүк басма сөз 28.05.2021

Дүйнөлүк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1647209
Дүйнөлүк басма сөз 28.05.2021

Deutsche Welle: Эсептөөлөргө караганда, Германияда келечекте үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпейт.

Zdf: Германиянын өнөр жай жана туризм тармагындагы ассоциациялары өкмөттөн тезинен үчүнчү өлкөлөргө болгон саякат чектөөлөрүн алып салууну суранышты.

Süddeutsche Zeitung: Федералдык Өкмөт, аймактарды балдар жана жаштар үчүн 6.4 миллион доза вакцина менен камсыз кылууну пландаштырууда.

France 24: (Макрондун Руандага сапары) "Бүткөрүлө элек бизнестин даамындагы ири бурулуш" Франциянын президенти Эммануэль Макрон, борбор шаар Кигалиде Франциянын Руанда геноцидиндеги "оор жоопкерчилигин" сөз кылганына карабастан кечирим сураган жок.

Le Figaro: (Токтотулган учуулар) Париж Москваны "өз ара принципти" урматтоого чакырууда. Парижди Москва менен байланыштырган Air France авиакомпаниясынын экинчи каттамы, Россиянын Беларустун аба мейкиндигинен алыс турууга жашыл жарык бербегендиктен кечээ кечинде токтотулду.

Le Parisien: (Футбол) Зинедин Зидан "Реалдан" расмий түрдө кетти.

Elraya: Катар менен Россия экономикалык мамилелерди чыңдоо боюнча 60 келишим түздү.

Aljazeera: Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлү: «Израилдин палестиналыктарга кол салуусу согуш кылмышы болушу мүмкүн».

Eldustour: Иордания падышачылыгынын буйругу менен Газа тилкесине гуманитардык жана медициналык жардам кербени жөнөтүлдү.

El Pais (Испания): Беткап чыры: Испания күн сайын колдонулган маска жөнгө салуусун жумшартууга даярданып жатканда, адистер вакцинация өтө жогорку деңгээлде жасалып, оорулардын саны азайышы керек деп ойлошот.

El Mundo (Испания): Испанияда Саламаттыкты сактоо министрлиги, Astra Zeneca вакциналарынын экинчи дозалары үчүн чоң талап көйгөйү болуп жатканын мойнуна алды.

El Nacional (Венесуэла): Латын Америка, АКШнын вакцина берүүнү тандаган биринчи дарек болот.

"Известия" гезити: Америка Кошмо Штаттарынын энергетика министри Женнифер Гранхольм, орус газынын (айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жагынан) дүйнөдөгү "эң кир" газ экендигин, бул «Түндүк агым-2» долбооруна каршы чыгуунун себептеринин бири экендигин айтты.

Риа Новости: АКШнын Мамлекеттик департаменти, Ачык асман келишимине кайтып барбай тургандыгын ырастады.

Lenta.ru: Британиянын Коргоо министрлиги, Россиянын Федералдык Коопсуздук Агенттигинин (ФСБ) мурунку билдирүүсүн четке кагып: «2020-жылдын октябрь айында Британиянын D35 Dragon эсминецин Крымдын аймагынан чыгарып кеткен деген маалымат жалган, эсминец Крымдын айланасында кандайдыр бир окуяга туш болгон эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар