Дүйнөлүк басма сөз 25.05.2021
Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.
Euronews: Беларустун Ryanairге таандык учакты кондуруп, учактагы оппозициячыл журналистти камакка алышына Европадан катуу каршылык көрсөтүлдү.
Deutsche Welle: ДЕАШтын бомба адиси Стамбулда кармалды.
Berliner Zeitung: ДССУнун (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун) билдирүүсүнө караганда, пандемиядан кеминде 115 миң саламаттыкты сактоо кызматкери каза болду.
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израиль менен Газанын ортосунда ок атышпоо режимин бекемдөө үчүн Тель-Авивге барды.
Аль-Кудс Аль-Араби: Рамаллах шаарына жакын жерде Израиль аскерлеринин огунан бир палестиналык шейит болду.
Аль-Рая (Катар): Ооган өкмөтү менен Талибан, (Катардын борбору) Дохадагы сүйлөшүүлөрүн улантууда.
France 24: Ковид-19: ДССУ вакцинаны таратуудагы "адилетсиздик" айыптайт.
Le Monde: (Франциянын президенти Эммануэль) Макрон 2023-жылы Лиондо ДССУнун Саламаттыкты сактоо академиясынын ачыла тургандыгын жарыялады.
Le Figaro: Air France авиакомпаниясы, Беларустун аба мейкиндигин пайдаланган учууларын жаңы билдирүүгө чейин токтотоорун кабарлады.
Lenta. ru: Беларустун президенти Александр Лукашенко, учак маселеси жана оппозициялык NEXTA Telegram каналынын ээси Роман Протасевичтин камакка алынышынан кийин Россиянын президенти Владимир Путин менен Москвада жолугушат.
Комсомольскаяправда гезити: ЕБ Саммитинде, Беларуска таандык авиакомпаниялардын Европа Биримдигине учуусуна тыюу салынды.
Риа Новости агенттиги: Россия Федерациясы; Исландия, Мальта, Мексика, Португалия жана Сауд Арабияга каттамдарын калыбына келтирүүдө.
El Mundo: (Испания) 1-июндан баштап Испанияда Ковид-19 кризисинен жабыркаган жумушчуларга жана компанияларга жардам көрсөтүү планын үзгүлтүксүз кылуу үчүн Министрлер Кеңеши кезексиз чогулуш керек.