Дүйнөлүк басма сөз 24.05.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматар.

1644568
Дүйнөлүк басма сөз 24.05.2021

France 24: Париждеги Палестина жактоочуларынын митинги : «Франция Израилдин кылмыш өнөктөшү»

L'Equipe: «Улуттук фуболчулар Бурак Йылмаз, Юсуф Языжы жана Зеки Челик формасын кийген Лилль командасы атаандаштын талаасында Анджерди утту жана Пери Сен Жерменди артта калтырып, Франция биринчи футболдук лигасында 2020 – 2021  сезонунун чемпиону болду.

Le Monde: Израиль  -  Палестина : парадигманы өзгөртүү -  Газада чыгышы мүмкүн болгон бир согушту алдына алууну каалап жатсаңар эки эл үчүн тең укукту берген жаңы ыкма керек.

el-Düstur (Иордания гезити) : Израилдин эреже бузуулары, ок атышпоо аракеттерин текке кетирди.

el-Quds el-Arabi (Араб  -  Британия гезити) (Алжир жылдызы) Рияд Махрез командасы Манчестер Ситинин Англиянын Премьер Лигасынын чемпионатын белгилөө учурунда Палестинанын желегин көтөрүп чыкты.

el-Raye el-Qatariyye (Катар гезити) : Еврей отурукташуучулар Аль Аксаны кайрадан басып алды.

Bild.de: Италиянын түндүгүндө асма унаа кырсыгынан 14 адам каза болду. Кырсык болоттон жасалган тростун үзүлүшүнөн келип чыккан деп болжолдолууда.

Ard.de: Европа Биримдиги өлкөлөрү кезексиз саммитте жолугушту. Маселе Россия менен Белорусия.

Deutsche Welle: Изилдөө : BionTech менен AstraZenecа вакциналары Индия вариантына каршы таасирдүү.

La Vanguardia (Испания): Ковид  - 19дан улам  Испанияда олуттуу оорулардын аныкталышы 40 пайызга түштү.

El País (Испания): Испаниядагы реанимация бөлүмдөрү туннелдин аягында жарыкты көрө башташты. Бул айда коронавируска чалдыккандардын саны  28 пайызга азайды.

Telesur (Венесуэла): Католиктердин руханий лидери Папа Франциск Колумбиядагы кризисти жөнгө салуу үчүн диалогго чакырды.

РИА Новости агенттиги: АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Вильнюска  учкан Ryanair учагынын жасалма бомба тууралуу билдирүү  менен Минскке чукул кондурулушун айыпташканын жана камакка алынган беларуссиялык журналист Роман Протасевичтин токтоосуз бошотулушун талап кылгандыгын билдирди.

РИА Новости агенттиги: Япониялык Киодо агенттигинин Советтер Союзунун Курил аралдарынын бир бөлүгүн Японияга өткөрүп берүү планына тууралуу документтерди жарыялады.

Лента.ру: Россияда депутаттар Мамлекеттик Думага дарыгерлерге акарат келтиргендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигин сунуш кылган мыйзам долбоорун сунушташты.



Тектеш кабарлар