Дүйнөлүк басма сөз 21.05.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1642987
Дүйнөлүк басма сөз 21.05.2021

Deutsche Welle: BioNTech вакцинасын иштеп чыккан профессор доктор Угур Шахин, Түркияга 30 миллиону июнь айынын аягына чейин жалпысынан 120 миллион доза вакцинаны сентябрдын аягына чейин бере тургандарын жарыялады.

Süddeutsche Zeitung: Германиянын жардам уюмдары коронавирустун (Ковид-19) айынан дүйнө жүзү боюнча тереңдеп кеткен ачкачылык боюнча эскертип, эл аралык кызматташтыкка чакырды.

Zdf: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) ушул күнгө чейин бекитилген Ковид-19 вакциналары вирустун учурдагы бардык варианттарына каршы натыйжалуу деп билдирди.

Аль-Дустур (Иордания гезити): Иорданиянын падышасы Абдулла II Кудстагы тарыхый жана укуктук статус-квону сактоо зарылдыгын баса белгиледи.

Аль-Кудс аль-Араби (Араб - Британ гезити): Палестинанын тышкы иштер министри Рияд аль-Малики Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөгөн сөзүндө: «Кээ бирлери, палестиналык үй-бүлөлөрдүн өлтүрүлүшүнө унчукпай турганда бир израилдиктин өлтүрүлүшүн айыптоодо жарышып жатышат!»,-деди.

Аль-Рая Аль-Катария (Катар гезити): «Израилдин палестиналыктарга каршы кыймылдары согуш кылмыштары болуп саналат».

Le Monde: Ла-Маншта ондогон мигранттар куткарылды.

Le Figaro: Ковид-19: Францияда эмдөө акциясы 31-майдан тарта кеңейтилет. Экинчи жагынан, ДССУ вакциналардын варианттарга каршы натыйжалуу экендигин билдирди.

Le Parisien: Европа парламентинин депутаттары менен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосунда Европалык саламаттык сертификаты (вакцина паспорту) боюнча келишим түзүлдү.

El País (Испания): Испания, Түндүк Африкадагы аймагы Сеутада полиция Марокконун жетекчилиги менен макулдашкандан кийин ондогон качкындарды депортациялады.

La Tercera (Чили): Аргентиналык футболчу Марадонанын өлүмүнө байланыштуу 7 адам "атайылап өлүмүнө алып келген" деп айыпталууда.

El Universal (Мексика): Кошумча шайлоо өнөктүгү учурунда ондогон мексикалык саясатчылар өлтүрүлдү.

«Коммерсант» гезити: Айрым өлкөлөрдүн Сибирдеги жаратылыш ресурстарынын Россияга гана таандык экендигине ыңгайсыздыктарын билдиргенине жооп берген Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Россиядан бир бөлүк алгысы келгендердин кайра тиштеп калбашы үчүн алардын тиштерин сындыра тургандарын айтты.

«Известия» гезити: Бир канча америкалык сенатор президент Жо Байдендин Россия тарабынан курулган "Түндүк агым-2" түтүгүнө байланыштуу санкцияларды алып салуу чечимин айыптап, санкцияларды кайра алып келе турган мыйзам долбоорун сунуш кылышты.

РИА Новости агенттиги: Россиянын Жогорку Шайлоо Кеңешинин Төрагасы Элла Памфилова сентябрда Россияда өтүүчү парламенттик шайлоого сырттан кийлигишүү аракеттери күтүлүүдө деп билдирди.



Тектеш кабарлар