Дүйнөлүк басма сөз 20.05.2021
Дүйнөлүк басма сөзддөн кыскача маалыматтар.
Аль-Рая (Катар): Палестиналык бир жетекчи, уланып жаткан Израилдин кол салууларынан улам Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Катарды жана арабдарды колдоого чакырды.
Аль-Кудс Аль-Араби: АКШлык парламентар Александрия Окасио-Кортес Конгрессте Израилге курал-жарак сатууну алдын алуу аракеттерине лидерлик кылууда.
Аль-Кудс Аль-Араби: Жөөт тургундар, басылып алынган Кудста христиан дин кызматкерлерине кол салышты.
Al Jazeera: Европалыктар (Австриянын борбору) Венадагы Иран өзөктүк сүйлөшүүлөрүндө жылыш болду деп айтса дагы, келишим "өтө эле алыс".
Тагесспигель: Германиянын үй-бүлө министри Франциска Гиффи плагиаттын айынан докторлугу жокко чыгарылып кызматтан кетти.
Spiegel: Кытайдын бүтүмдөргө тыюу салуу чечиминен кийин криптовалюталар кескин түшүп кетти.
DW: Жыл сайын Даниянын көлөмүндөгү тропикалык токой жок болууда.
El Mundo (Испания): Испания Мароккодон 2 күн ичинде чек арадагы Сеута шаарына келген миңдеген качкындарга байланыштуу кризистин Европа үчүн эскертүү болушу керек деп эсептейт.
El Pais (Испания): Испан коомчулугунун жана Европанын кысымынын натыйжасында Испаниянын өкмөтү Мароккодон келген иммигранттардын өтүүсүнө уруксат берди, бирок көптөгөн балдар артта калышты.
El Nacional (Венесуэла): Венесуэлада Ковид-19дан улам каза болгон саламаттык сактоо кызматкерлеринин саны 500дөн ашты.
France 24 : Европа Биримдиги үчүнчү өлкөлөрдөн келген эмделген жүргүнчүлөрдүн кирүүсүнө уруксат берүүдө.
Le Figaro: 2020-жылы дүйнөдө жеринен ажыраган адамдардын саны 55 миллионго жетти.
Le Monde: Жабылганына карабастан 2020-жылы Париж аймагында абанын булганышы жогору болду.
"Известия" гезити: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык кесиптеши менен конструктивдүү сүйлөшүү өткөргөнүн айтты.
Lenta.ru: АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык мамилелер боюнча комитети, федералдык өкмөттүн Россиянын Крымга болгон эгемендигин кабыл алуу жана ага байланыштуу иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду.
ТАСС агенттиги: Россиянын Тышкы иштер министрлиги, Түндүк Македониядан орусиялык дипломаттын депортацияланышына байланыштуу жооп чаралары көрүлөрүн билдирди.