Дүйнөлүк басма сөз 14.05.2021
Дүйнөлүк басма сөздө чыккан кабарлардан кыскача маалыматтар.
Le Monde : Израиль армиясы Газада кургактык операциясы баштаткандыгын жарыялагандан кыска убакыттан кийин бул билдирүүнү жалганга чыгарды
France 24 : Париж губернаторлугу ишемби күнү Палестинага колдоо көрсөтүү үчүн өткөрүлүшү пландалган митингге тыюу салды.
Libération : Израилдеги окуялардын «жарандык согушка айлануусунан» тынчсыздануулар боолууда.
Süddeutsche Zeitung: Израилдин Газа тилкесине абадан кол салуулар улантылууда.
Tagesschau.de: Немис полициясы жасалма вакцина күбөлүгүнүн олуттуу бир маселе болгондугун билдирди .
Deutsche Welle: Германияда 26 - сентябрдагы шайлоодо бийликти талап кылган үч партиянын премьер - министрлик үчүн талапкерлери белгилүү болду
El Mundo (Испания): Кош бойлуу аялдар менен 12 – 15 жаштагы балдар Испания саламаттык изилдөө стратегиясындагы жаңы топтор катары белгиленди.
La Vanguardia (Испания): Испаниянын премьер - министри Педро Санчез июнь айында 13 миллион доза Pfizer вакцинасынын келерин жарыялады. Бул май айындагы вакцинанын эки эсеси.
Infobae (Аргентина): Венесуэла өкмөт менен оппозиция саясий сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин көрсөттү, 21 - ноябрда муниципалдык башкаруу үчүн шайлоо өткөрүлөт.
Eldustour: Ирактын премьер - министри Мустафа ел - Казыми : Ирак Палестина калкынын чечкиндүүлүгүн колдойт.
Eldustour (Еврей) : Отурукташуучулар палестиналыктардын унааларына кол салууда жана Жениндин түштүгүндө баскынчы күчтөр менен кагылышуулар болууда.
Aljazeera: Газа кол салуусу тууралуу глобалдык кыймыл... БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чогулушуна чакыруулар жасалууда, Вашингтон нааразычылык билдирди, Франция митингдерге тыюу салып, Германия эскертүүдө.
Elqudus Elarabi: Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган: «Биз эл аралык коомчулукту Израилге керектүү сабакты берүүгө ынандыруу үчүн аракет кылып жатабыз».
Lenta.ru: Россиянын президенти Путин Казандагы (Татарстан) мектептеги массалык өлтүрүүнү жапайы кылмыш деп мүнөздөдү.
TASS: АКШнын президенти Байден Россиянын президенти Путин менен ыктымалдуу жолугушуусунда кибер чабуулдарга каршы күрөшүүнү талкуулоону каалагандыгын билдирди.
İzvestiya: Адистер июнь айында орус туристтердин эс алуу үчүн өлкө ичинде эң көп тандаган жерлер Москва, Санкт Петербург жана Сочинин болгондугун билдирди.