Дүйнөлүк басма сөз 12.04.2021

Дүйнөлүк басма сөздөн кыскача маалыматтар.

1619347
Дүйнөлүк басма сөз 12.04.2021

 

Аль-Рая (Катар): Ливиянын Президенттик Кеңешинин төрагасы Мухаммад аль-Менфи: «Түркия менен жалпы кызыкчылыктарды коргойбуз»

Аль-Дустур (Иордания): Отчетторго караганда, Израиль Ирандын өзөктүк реактору Натанзды кибер чабуул менен бутага алган.

Аль-Кудс Аль-Араби: Иорданиянын батыш тарабында туннелдин кулашынын натыйжасында 1 адам каза болуп, 6 адам жаракат алды.

Аль-Кудс Аль-Араби: Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурдагы Юстиция министри жана Ирактын кулатылган лидери Саддам Хуссейндин адвокаты Рамсей Кларк каза болду.

Le Parisien: 2022-жылдагы президенттик шайлоо (Франция): Солчулдар (өзүлөрү арасында) сүйлөшүүгө даяр, бирок биригүү (бир талапкер үчүн) келечеги али алыс.

Le Monde: Париж мечити Францияда Рамазан айы шейшемби күнү башталаарын тастыктады.

Le Figaro: Гаитиде экөө француз болгон жети католикти (2 кечил жана 5 дин кызматкери) уурдап кетишкен.

Эл Паис: (Испания) Премьер-министр Педро Санчес жана вице-премьер-министр Йоланда Диас коалицияны улантуу үчүн мындан ары дагы керектүү кадамдар жасала тургандыгын билдиришти.

Эль Мундо: (Испания) Экономикалык кризис жаштардын жумушка орношуусун дагы козгоду, бүгүнкү күндө жаш жумушчулар 1980-жылдагы теңтуштарына караганда 50% га чейин аз маяна алышат.

TeleSur: (Венесуэла) Эквадордогу президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жеңүүчүсү болуп 52,52 пайыз добуш алган оңчул Гильермо Лассо табылды.

Deutsche Welle: Роберт Кох институту жарыялаган маалыматтарга ылайык, жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын биринчи дозасы Германиядагы калктын 15 пайызына жасалган. Вакцинанын экинчи дозасын алгандардын саны 5,9 пайызды түзөт.

WAZ: Германияда инфекция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү пландаштырылууда. Ошентип, эпидемияга каршы күрөшүүдө өкмөттүн ыйгарым укуктарын жогорулатуу жана өлкөнүн бардык провинцияларында бирдиктүү эрежелерди колдонуу каралууда.

Tagesschau.de: Германия премьер-министрликке талапкер издеп жатат, Христиан Биримдиги партиясынын төрагалары Армин Лашет (CDU) жана Маркус Седер (CSU) «биз талапкербиз» деп билдиришти.

РИА Новости: Украина Донбасста кол салууну пландап жаткан жок. Киев тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен гана болот деп эсептейт.

Коммерсант: Россиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) төрагасы Дмитрий Рогозин: Россиянын космос тармагы терең өзгөрүүлөрдүн алдында турат.

Лента.ру: Түркиянын расмий адамдары өлкөдө туристтик сезон баштала турган майдын ортосуна чейин,  Ковид-19 эпидемиясын тизгиндөөнү пландаштырууда.



Тектеш кабарлар